ЖЫЛНААМА, 12-МАЙ: Казакстанда төрөлүп, орус сахнасын багындырган ырчы Виктория Дайнеко 31 жашка толду

Бүгүн "Фабрика звёзд-5" долбоорунун жеңүүчүсү катары белгилүү болгон орусиялык ырчы Виктория Дайнеко 31 жашка толду.

Ал 1987-жылы 12-майда Казакстандын Кировский кыштагында программисттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бала чагында эстрада ырчысы болуп, чет өлкөгө кеткиси келген. Бирок ата-энеси "Якутиянын Алмазы" деген балет мектебине берген. Виктория Дайнеко орто мектепте окуп жүргөндө ар кандай сынактарда ырдап, эл көзүнө түшкөн. Алгач жергиликтүү "Отражение" эстрада тобуна чакырылып, андан кийин "Фаэтон" тобунда ырдап калган.

Ал 17 жашка чыкканда Москва шаарына келип, Москва авиациялык институтуна тапшырат. Бирок бир нече ай окугандан кийин "Фабрика звёзд-5" долбооруна катышуу үчүн окуусун таштап коёт.

2004-жылы Алла Пугачёванын жетекчилиги астында "Фабрика звёзд-5" долбооруна катышат. Виктория Дайнеко аталган долбоордун жеңүүчүсү деп табылып, ага Москвадан батир берилген. Долбоор аяктаган соң ырчы катары "Лейла", "Я просто сразу от тебя уйду", "Стоп, куда же я уйду", "Я буду лучше", "Снилось мне" жана башка чыгармаларын жаздырган.

Ырчылыктан сырткары Виктория Дайнеко "Счастливы вместе" телесериалында эпизоддук ролду жараткан. 2010-жылы "Рапунцель: Запутанная история" мультфильминде башкы каармандын үнүн коштогон. Андан соң "Тролли" мультфильминде да үн коштогон.

Ырчы 2006-жылы орусиялык "Корни" тобунун мурдагы мүчөсү Павел Артемьев менен сүйүү мамилесинде болгон. Бирок алардын мамилеси узакка созулган эмес. Виктория Дайнеконун кийинки сүйүү романы "Корни" тобунун ырчысы Дмитрий Пакуличев болгон. 2011-жылы ырчы, актёр Алексей Воробьёв менен кыз-жигит мамилесинде болот. Бирок бул мамиленин пайдубалы дагы бекем болбой, сүйүшкөндөр эки жолго түшкөн.

2015-жылы "DrumCast" тобунун барабанчысы Дмитрий Клейманга турмушка чыгып, алар Лидия аттуу кыздуу болушат. Бирок түгөйлөрдүн ак никеси 2017-жылы мыйзамдуу түрдө бузулган. Учурда Виктория Дайнеко орусиялык хоккей оюнчусу Григорий Панин менен мамиледе деген кептер айтылып келет. Ал эми ырчы менен Григорий Панин бул кептерди жалган деп четке кагып келет.

12-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdah
2018-05-12 20:13:15
Мага жагат ушул ырчы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан