"Евровидение" сынагынын финалына өткөн катышуучулар аныкталды. Орусиялык ырчы Юлия Самойлова алардын катарына кире алган жок

Юлия СамойловаКечээ, 10-майда Лиссабондо "Евровидение" эл аралык ыр сынагынын экинчи жарым финалы орун алды. Анда эң мыкты делген 10 өлкөнүн ырчылары финалга жолдомо алып, калган катышуучулар сынактан четтетилди. Алардын арасында орусиялык ырчы Юлия Самойлова да бар.

Калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн добушу менен Сербия, Молдавия, Венгрия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения жана Нидерланды өлкөлөрүнүн атынан катышкан катышуучулар финалга өтүп, Румыния, Сан-Марино, Грузия, Польша, Мальта, Латвия, Черногория жана Орусиянын атынан катышкан ырчылар финалга өтүүгө жетиштүү балл топтой албай калышкан.

Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы 12-майда чыгат. Өткөн жылы бул сынакта тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Meni_unut
2018-05-11 12:48:29
Политика болуп кеткен бул Евровидениеси
-1
Dembele84
2018-05-12 13:23:16
Meni_unut,Аткарганын корсон биринчи,жон эле политиканы ортого тыкпай!
+1
Dembele84
2018-05-11 13:32:24
Башынан эле шансы аз финалга отушко деп жатышкан,даже орустар ырын уккандан кийин алмаштыргыла деп ызы чуу болушкан.
+4
orxidey
2018-05-11 14:53:45
Мынданда кыйындар барып женишти алалбадыго.
0
Dembele84
2018-05-12 13:23:21
Бирок чынында эле финалга татыктуу болбоптур.Бир жагынан фонограмма ырдаса,экинчиден ал фонограмманын да нотасына тушо албай уят болуптур )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан