ЖЫЛНААМА, 12-МАЙ: Бала кезинде "Кара баатыр" атка конгон куудул Рахман Разыков 63 жашка чыкты

Бүгүн Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, куудул жана сатирик Рахман Разыков 63 жашка толду. Куудулду куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.

Куудул, сатирик Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.

"Үйдөгүлөр атымды Жамгырчы коёбуз дешкенде, азан чакырганы келген молдоке Рахманжан деген ысым ыйгарыптыр. Өңүм капкара болгонунан мени Кара баатыр деп коюшчу", - деген маектеринин биринде.

Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, "Таң жылдызы" деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир" топторун түзгөн.

1987-жылы Рахман Разыков жубайы Диля менен баш кошуп, Чолпон деген кыздуу жана Дастан деген уулдуу болушкан. Куудулдун мурдагы никесинен 3 баласы бар.

Рахман Разыков куудулдук өнөрүнөн сырткары көптөгөн тасмаларга тартылган. Ал "Түндүктүк келин" тасмасында айыл башчынын образын мыкты ачып бере алган.

Куудулду куттуктоо үчүн байланышка чыкканыбызда ыраазычылык айтып: "Жубайым менен саамал ичип тоодо эс алып жүргөнүмө 4 күндөй болду. Бул жакта интернет жок байланыш да начар болгондуктан эч ким менен сүйлөшө элекмин. Туулган күнүм жакшы маанайда өтүп жатат", - деп билдирди куудул.

12-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bayhan
2018-05-12 17:27:34
Куттуктайм, өмүрүңүз узун болсун, ден-соолугунуз чың болсун.
+2
berdikul
2018-05-13 01:07:30
Тундуктук келинде айыл башчынын эмес кайнатанын образын аткарса керек эле.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан