SUPER.KG порталы бир апта бою "Бишкекте эң даамдуу шишкебек кайсы жерде жасалат?" деген сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгында 3 жай алдыга суурулуп чыкты. Алар:
1. "Фаиза"
2. "Жасмин"
3. "Деревяшка"
Окурмандар "эң даамдуу шишкебек жасалат" деп тандап алган жайларга барып, шишкебектин кандай жасаларын билүүгө аракет кылдык.
Сурамжылоодо 1-орунду алган "Фаиза" кафесинин ашпозчусу Айбек Ибраимовдун айтуусунда, шишкебек жасоодо эң башкысы этке көңүл буруу керек.
"Биз шишкебек жасоодо эң негизги көңүлдү этке бурабыз. Шишкебек койдун этинен жасалат, ал койлорду атайын багабыз. Койлор табигый жол менен гана семирет, эч кандай дары же кошумча каражаттар берилбейт. Жаңы союлган жаш малдын этинен жасалган шишкебек жумшак жана ширелүү болот. Ошол себептен да биздин шишкебектерди тамшанып жегендер көп болсо керек. Ал эми шишкебекти маринаддоодо ар бир ашпозчунун эч кимге айтпай турган өзүнчө сыры бар. Эң негизгиси айнек, сыр же чопо идишке маринаддоо керек. Ошондой эле жакшы маанай, сүйүү менен бышыруу абзел", - дейт Ибраимов.
Көпчүлүктүн добушу менен экинчи орунду ээлеген "Жасмин" кафесинин жетекчилиги шишкебек тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.
Ал эми 3-орунду ээлеген "Деревяшка" кафесинин шишкебек жасаган ашпозчусу Айгүмүш Жумалиева бул кесипти 10 жылдан бери аркалап келет. Ашпозчунун айтымында, мыкты маринаддалган эттен даамдуу шишкебек даярдаса болот.
"Менин бул кесипти аркалаганыма 10 жылдын жүзү болду. Бизде шишкебектин 10дон ашык түрү жасалат. Уйдун, койдун этинен жасалган шишкебектерди маринаддап, 1 суткага муздаткычка салып коюу керек. Ал эми тооктун, балыктын этинен жасалган шишкебектерди 2-3 саат маринаддоо жетиштүү. Шишке сайылган эттерди өз-өзүнчө муздаткычтарда сактоо керек. Шишкебектин даамдуу болушунун себеби жакшы маринаддоодо жана шишкебектердин тандырда бышырылганында. Тандыр ичинде бышкан шишкебек өзгөчө даамга жана жытка ээ болот. Маринаддоого кошулган лимон, анар, ананас, киви ширелери кычкыл болгондуктан, эттеги микроорганизмдерди өлтүрөт жана этти жумшартып, сиңимдүүлүгүн арттырат. Маринадга пияз, сарымсак кошууну унутпаш керек", - дейт Жумалиева.