Ош шаары боюнча каттоодо турган 6002 жумушу жок адам бар
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык
башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда Ош шаары боюнча каттоодо турган 6002
жумушу жок адам бар. Иштебеген жарандардын 41,1 пайызын аялдар түзөт. Ал эми
жумуш издеп тизмеге тургандардын саны 2012-жылга салыштырмалуу 3 пайызга
азайган. Ошондой эле май айынын акырына алынган маалыматка таянсак, шаар боюнча
374 бош кызмат орундары болгон. Ар бир орунга 16 жумушу жок адамдар туш келген.