Кыргызстанда 188 саясий партия каттоодон өткөндүгүн
21-июнда Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев ачык шайлоо боюнча тегерек столдун жыйынында билдирди. Айтымында, көпчүлүк саясий партиялар шайлоолорго катышпайт. "Мындай көп партиялуулуктун
кереги жок. Анткени көпчүлүк саясий партиялар пасcивдүүлүгүн көргөзүп жатышат. Келерки шайлоолорго 35 саясий партия катышса туура болот",- деди ал.