“Барселона” футболдук клубунун оюнчусу, испаниялык футболчу Андрес Иньеста 1984-жылы 11-майда Испаниянын Фуэнтеальбилья шаарында жарык дүйнөгө келген.
"Барселонанын" курамында алгачкы ирет 2002-жылы Чемпиондор Лигасынын алкагында "Брюгге" менен болгон беттеште оюн талаасына чыккан. Ошондон бери каталониялык команданын курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын 4 ирет (2005/06, 2008/09, 2010/11, 2014/15);
Испаниянын чемпиондугун 9 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011, 2013, 2015, 2016, 2018);
Испан Кубогун 6 ирет (2009, 2012, 2015, 2016, 2017, 2018);
УЕФАнын Суперкубогун 3 ирет (2009, 2011, 2015);
Испаниянын Суперкубогун 7 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011, 2013, 2016)
Клубдар аралык Дүйнө биринчилигин 3 ирет (2009, 2011, 2015) жеңген.
Ошондой эле “Барселона” үчүн 672 оюн өткөрүп 57 гол киргизген.
Ал эми Испаниянын курамында 2008, 2012-жылдары Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунда Голландиянын дарбазасына гол киргизип, Испаниянын курамында дүйнө чемпиону аталган. Испания үчүн 125 оюнда 13 гол киргизген.