Бүгүн, 11-майда Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде кикбокс боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды.
Анда Кыргыз курама командасы жалпы медалдык эсепте 2-орунду ээледи. Кыргыз спортчулар кикбокстун 6 түрүндө кыргыз капчыгына 24 алтын, 16 күмүш, 18 коло медаль алып келди. Ал эми жалпы медалдык эсепте 1-орунду Иран курама командасы утуп алды, алардын капчыгында 26 алтын, 23 күмүш жана 10 коло медаль толду. 3-орунду Тажикстандын спортчулары ээлеп, 14 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты.
Ошондой эле 4-орунда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчулары жайгашты, алардын капчыгында 4 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль болсо, 5-орунду ээлеген Ирак курама командасынын капчыгында 2 алтын 13 күмүш жана 7 коло медаль болду.