"No name" командасынын концертинде Бактияр Токторов, Данияр Эрматов жана Нурмат Садыров тамаша аткарышты

"Тамашоу" долбоорунун 6-сезонунун жана 10-сезонундагы "Тамашоу", "Ак калпак" кубокторунун ээси "No name" командасы жеке концертин өткөрдү. Концерттин жүрүшүндө "тамашоучу" жигиттер көрүүчүлөргө жаңы тамашаларды тартуулашты. Анда "тамашоучулар" үй-бүлөдөгү жана коомдогу окуяларды, тойдогу "жар-жарчы" ырды телефондон коюп, ыңгайсыз абалда калганын көрсөтүштү.

Кеченин өзгөчөлүгү экинчи бөлүгүндө болду. Анда "No name" командасы шоу чөйрөсүндөгү жылдыздар менен бирге тамаша аткарышты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов "Буй-буй" аттуу ырын ырдаса, Данияр Эрматов менен Нурмат Садыров ата-баланын ролун аткарышты. Элге күлкү тартуулаган номерлер кол чабууларга арзып, зал шаңга бөлөндү.

Андан соң сахнага "No name" командасынын шакирттери "Универсалдын" жигиттери чыгып, өлкөбүздөгү ар бир облустун кыздарын түрдүү гүлдөргө окшоштурушту.

- Нарындын кыздарын мен "алое" гүлүнө окшоштурам, гүл эмес же чөп эмес.

- Бишкектин кыздары роза гүлүнө окшош, кышында 1000 сомго араң табасың. Бирок жазында бекер.

- Ал эми Жалал-Абаддын кыздары чырмоокко окшош, башында билинбей жабышып, анан башыңа чыгып алат.

Кечеге конок катары коңшу Казакстандан чакырылган "Байдын балдары" аттуу команда чыгып, өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын кышында жуулган кирлердин акыбалы көрүүчүлөргө позитив тартуулап, кол чабууларга арзыды.

Өзүнүн боюнда бар экенин билбей калган кыз апасы менен сырдашууда:

Апа, милиция чакыр, ичимде бирөө жүрөт...

Кеченин соңунда алып баруучу Каниет Жыргалбеков концерттен түшкөн каражат Бишкектеги №71-жетим балдар мектебине футбол аянтчасын курууга жумшала тургандыгын жар салды.

"Кайрымдуулук концертти эл туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Эл келбей, билеттер сатылбайт деп, биз жөнөкөй концерт кылып туруп, аягында сюрприз кылалы дегенбиз. Негизи соопчулуктун эртеби, кечпи айырмасы жок болушу керек. Эл көп келип берсе, кайрымдуулук кылган акчабыз көбүрөөк болсо экен деп ниет кылдык. 2 ай даярданган концертибиздин акыбети кайтты деп ойлойм. Билет баасы 400-600 сомду түздү", - дешти команданын оюнчулары.

"No name" командасы концерттен түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшамак болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aza84
2018-05-12 06:50:16
Вообще жакпайт ушулар
-26
Tyty1990
2018-05-12 07:29:50
aza84,не кылып журосун анда бул жакта
+11
akus
2018-05-12 08:40:10
aza84,Чык эшике!!!
+9
Bakytbekova777
2018-05-12 11:08:17
aza84,жакпаса неге кирип окуйсун
+7
BBB88
2018-05-12 21:31:25
aza84,мага жагат..кыргызстанда номер биринчи квн командасы
+5
gulzat85
2018-05-12 07:19:38
Азаматтар
+11
Shabi
2018-05-12 12:19:13
Концерт мыкты болду, тамашалары дагы жаны
+4
Zainidin96
2018-05-12 13:26:26
Соонун ийгиликтер болсун
+4
Agata7775
2018-05-13 18:19:01
Азаматсынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан