11-майда Ливандын Бейрут шаарында өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Нурланбек Рамазан коло медалга ээ болду.
Нурланбек Рамазан 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал жарым финалда атаандашына жеңилип калганы менен, коло медаль үчүн беттеште жеңүүчү аталды.
Ошондой эле аталган мелдеште дагы 2 Кыргыз спортчу 5-орунга татыды. Анда 81 килограммга чейинки салмак ченинде Шакир Шакиров жана Шахида Нурмухамедова 5-орунду ээлешти.