Кикбоксчу Юлия Борисова: "Чемпиондук курду жеңиш үчүн 18 жылдан бери машыгып келгем"

11-майда Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде кикбокс боюнча Азия чемпиондугунун алкагында профессионалдар арасындагы Азиянын чемпиондук куру ойнотулду. Анда 56 килограммга чейинки салмак категорияда Кыргыз мушкери Юлия Борисова жеңишке жетип, чемпиондук курду тагынды. Беттештен кийин Юлия Борисова SUPER.KG порталына бул чемпиондукка 18 жылдан бери машыгып келе жатканын билдирди.

"Кикбокс менен 1995-жылдан бери машыгып келем, профессионалдуу мушкер катары мени Александр Воинов өстүрдү. Анын алдында 2000-жылдан бери машыгып келем. Эми 18 жылдан кийин кыялдарым аткарылып чемпиондук курду багындырдым. Биз бул чемпиондук курга жетүү үчүн көп нерседен өттүк. Чынын айтсам, менин алдымда 2 чемпиондук кур үчүн беттештин ортосунда тандоо турган, биринчиси "Fight Night" мелдешинин куру болсо, экинчиси Азия чемпиондугунун куру болчу. Азия чемпиондугу биздин өлкөбүздө, мекенимде өтүп жатканына байланыштуу бардыгын таштап, бул жакка келдим. Чемпиондук кур мекенибизде калганына кубанычтамын. Чемпиондук кур үчүн беттеш мен үчүн принципиалдуу болчу, атаандашым менен буга чейин жабык имараттагы Азия оюндарында кез келгем. Анда жарым финалда бул ирандык мушкер менен кездешкем. Ошол убакытта ал менен болгон беттешке жеңил ой менен эле чыккам, анткени ага чейин андан күчтүүрөөк мушкердин үстүнөн жеңишке жеткем. Бирок жеңишти Фатимех Ализадейхтиге берип койгондо аябай таң калгам. Ошондуктан бүгүнкү беттеште жеңилүүгө укугум жок болчу", - деди Юлия Борисова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazar76
2018-05-12 13:19:32
Куттуктайм азаматсың
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан