Бүгүн, 12-майда Орусиянын Оренбург шаарында дзюдо боюнча Европа кубогу старт алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышууда. Азыркы тапта алардын атаандаштары аныкталды.
Мелдеш 12-13-май аралыгында өтүп, ага 16 өлкөдөн 312 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнөн 5 эркек жана 4 кыз-келин катышат. Алардын арасында өлкө чемпиондору Бекбоо Апышов, Назима Амантурова жана Ксения Бельдягина бар.
Кыргыз дзюдочулардын атаандаштары:
Эркектер арасында:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
Бекбоо Апышов - Адам Исаев (Орусия)
66 килограммга чейинки салмак ченинде:
Алмаз Алтынбек уулу - Адил Османов (Македония);
Айдин Мухтаров - Никита Алексенко (Орусия);
Алибек Чороев - Мирзоюсуф Гафуров (Орусия);
90 килограммга чейинки салмак ченинде:
Шахриёр Идрисов - Алихан Цечоев (Орусия);
Кыз-келиндер арасында:
52 килограммга чейинки салмак ченинде:
Назима Амантурова - Александра Минаева (Орусия)
57 килограммга чейинки салмак ченинде:
Ксения Бельдягина - Кристина Шилова (Орусия);
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
Зирегүл Кадырова - Светлана Райкова (Орусия);
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
Айжан Кадырбекова - Регина Артсыбашева (Орусия).