"Ак аюу" атка конгон Кыргыз мушкери Мыктыбек Мамасалиев украиналык Владимир Мищенконун үстүнөн техникалык нокаут менен 1-раундда жеңишке жетип "JFC Young Force" турниринин оор салмактагы жеңүүчүсү аталды.
Беттеш кечээ, 11-майда Казакстандын Алматы шаарында өтүп, анда жалпысынан 13 беттеш орун алып 6 мамлекеттин спортчулары күч сынашты.
Айта кетсек, буга чейин 9-декабрда Бишкекте эрежесиз уруш боюнча "Jash Kuch fighting championship" мелдешинде Мамасалиев украиналык Юрий Проценкого жеңилип калган.