"100дөн ашуун адамдын өлгөнүнө карабай азыркы мезгилге чейин эпидемиологиялык абал боюнча эч кандай расмий иликтөө иштери жүрө элек", - деп жазылат докладда.
Айта кетсек, Итури аймагында өлкө башчысы Жозеф Кабил президенттиктен кетүүдөн баш тарткан соң алгачкы нааразычылык акциялары башталган. Кабил 2001-жылдан бери президенттик кызматты ээлеп келет. 2016-жылдын 20-декабрында ал кызматтан кетүүсү керек эле. Бирок азыркы убакка чейин өлкө башчысы бойдон калууда.
.