Бүгүн, 12-майда Иракта парламенттик шайлоо старт алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 36 миллион калктын ичинен 24 миллион жаран шайлоого катышууга укугу бар. Парламенттеги 328 орунга 7 миң 400 талапкер ат салышып жатат. Көз карандысыз эксперт премьер-министр Хайдар ал-Абади башкарган "Коалиция Наср" жеңишке жетиши мүмкүндүгүн болжолдошууда. Ошондой эле вице-президент Нури ал-Малики жетектеген "Мыйзамдуу мамлекет" альянсы дагы шайлоодон жеңиши мүмкүндүгү айтылууда.
Эске салсак, Иракта Саддам Хуссейндин режими кулагандан кийин төртүнчү жолу шайлоо өтүп жатат.