Мьянманын түндүгүндө козголоңчулардын кол салуусунан кеминде 19 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, этникалык топтордун кол салуусу бүгүн, 12-майда эртең менен Кытай менен чектешкен жерден анча алыс эмес аймакта болгон. Курман болгондордун арасында төртөөсү Мьянманын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери болгон.
Мьянмада өкмөттүк күчтөр менен куралдуу этникалык топтордун ортосундагы кагылышуу уланып жатканы айтылат. Анткени уюшкан топтор кенен автономдук же болбосо Мьянмадан өз алдынча бөлүнүп чыгууну талап кылып жатышканы маалымдалат.