Малайзиянын мурдагы премьер-министри Нажиб Разакка жана анын туугандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу 12-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Разак жана анын жубайы өлкөдөн чыгууга тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилди. Нажиб Разак 9-майдагы парламенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин жубайы менен Индонезияга кетүүгө камынып жатканын социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган.
Өкмөт 1MDB мамлекеттик фондунун тегерегиндеги коррупциялык чыр-чатактын негизинде иликтөө ишин жандандырган. Разак 2015-жылы аталган фондго байланыштуу уюмдан 700 миллион доллар алганы боюнча айыпталып келет. Кийинчерээк Малайзиянын башкы прокурору Мохамед Апанди Али андан коррупция боюнча айыпты жокко чыгарып, акча Сауд Арабиясынын падышасынын үй-бүлөсүнүн атынан белек катары берилгенин айткан.
Наджиб Разак 1976-жылы 23 жашында депутат болгон. Ал эми 1978-жылы болсо энергетика министринин орун басары болуп дайындалган. 2004-2008-жылдары каржы министри, 2008-2009-жылы коргоо министри болуп эмгектенген. Ал эми 2009-жылы премьер-министр кызматына келген.
Малайзияда 9-майда парламенттик шайлоо өтүп, 92 жаштагы ардагер саясатчы Махатхир Мохамаддын оппозициялык биримдиги жеңишке жеткен. 10-майда Малайзиянын падышасы Махатхир Мохамадды өлкөнүн премьер-министрлигине дайындаган.