"Евровидение" сынагында көрүүчү британиялык ырчынын микрофонун жулуп алды

"Евровидение" сынагында көрүүчү британиялык ырчынын микрофонун жулуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эл аралык ыр сынактын финалында британиялык ырчы Сюзанна Мари Корк өзүнүн "Storm" чыгармасын ырдап жаткан маалда белгисиз көрүүчү сахнага чыгып анын микрофонун жулуп алган. Бул маалда ырчыны коштоп жаткан бэк-вокалчылар ырдоону токтоткон эмес. Күзөт кызматы көрүүчүнү сахнадан алып кеткенден кийин гана ырчы чыгармасын уланткан.

Айта кетсек, 2017-жылы ушул эле ыр сынакта украиналык ырчы Жамала өнөрүн тартуулап жаткан мезгилде моюнунда Австралиянын желеги бар көрүүчү сахнага чыгып бийлеп, андан соң өзүнүн шымын шыпырып салган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан