Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын 17 жашка чейинки өспүрүмдөр курамасы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу футбол федерациясы расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка ылайык, "CFA International Youth Football Tournament 2018" эл аралык мелдеш Кытайдын Цзянинь шаарында 16-майдан 20-майга чейин өтөт. Турнирде Кыргыз өлкөсү менен бирге Иран, Япония жана Кытай курамалары катышат.
Турнирдин жүгүртмөсү:
16-май
Япония (U-17) – Иран (U-17)
Кытай (U-17) – Кыргыз Республикасы (U-17)
18-май
Иран (U-17) – Кытай (U-17)
Кыргыз Республикасы (U-17) – Япония (U-17)
20-май
Иран (U-17) – Кыргыз Республикасы (U-17)
Кытай (U-17) – Япония (U-17)
Бардык беттештер "Jiangyin Sports Centre" стадионунда орун алат.