Стамбул Жаныбек уулу күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медалды тагынды

Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Стамбул Жаныбек уулу коло медалга ээ болду.

65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Кыргыз балбан алгачкы эле беттешинде ирандык Мохаммед Багиге жеңилип калган. Бирок ирандык балбан финалга аттанганы үчүн Стамбул Жаныбек уулу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн беттеште Кыргыз балбаны тажикстандык Хайрулло Кулулов менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында Стамбул Жаныбек уулу 9:2 эсеби менен атаандашын утуп, коло байгени тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargiz94
2018-05-13 20:21:58
Аты эле укмуш го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан