Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбан Алинур Такиров күмүш медаль тагынганга үлгүрдү.
71 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Такиров алгачкы беттешинде индиялык Кумар Анкитти жеңип, жарым финалда Исламбек Ильясовду утуп алды. Финалдык беттеште Кыргыз балбаны Мохаммед Ноходиларами менен кез келди. Кызуу беттештин жыйынтыгында ирандык балбан 14:4 эсеби менен жеңишти илип кетти. Муну менен Кыргыз балбаны күмүш медалды тагынып калды.