ЖЫЛНААМА, 14-МАЙ: Гардеробу боз түстөгү футболка менен көк түстөгү жынсыга толгон Марк Цукерберг 34 жашка чыкты

Дүйнө жүзүндөгү эң ири социалдык тармак болгон Фейсбуктун негиздөөчүсү, жетекчиси, программист Марк Цукерберг 1984-жылы 14-майда АКШнын Уайт-Плейнс шаарында туулган.

Марк Цукерберг "Forbes" журналындагы "эң бай 400 адам" рейтингдеги эң жаш байлардын бири. Ал 24 жашында эле 1,5 миллион доллар иштеп тапкан. 2004-жылы Facebook социалдык түйүнүн ойлоп тапкан. Алгач Гарварддын студенттери үчүн ачылган бул сайт бара-бара MySpasе`тeн кийинки эле орунга чыккан.

Facebook сайты 15 миллиард доллар деп бааланса, компаниянын 27% акциясына ээлик кылган Марктын байлыгы 4 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2013-жылы кайра эле "Forbes" журналы изилдөө жүргүзүп, 19 миллиард АКШ доллары менен Марк Цукерберг алдыңкы 20 бай адамдын катарына кирген.

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын катарына киргенине карабастан Цукерберг био үлгүдөгү жөнөкөй кийинүүнү жактырат. Анын айтымында, бир эле футболканы кийүү жумуштагы башка маанилүүрөөк иштерге көңүл бурууга жардам берет.

"Чынында, мен күндө ойгонуп, миллиарддан ашуун адам үчүн кызмат кылганыма бактылуумун. Кийим тууралуу каяктагы болбогон ойлорду ойлонуп, өз ишимди мыкты аткарбай жаткандай сезем. Мен жашоомду керексиз нерселерден тазалагым келгендиктен, коомчулукка кызмат кылуудан башка иштер тууралуу чечимдерди аз кабыл алууга аракеттенем", - деп айткан Цукерберг 2014-жылы.

Ал көптөгөн майда көйгөйлөргө күчүн кетиргиси келбейт. Анын гардеробу боз футболкалар менен көк жынсы шымдарга толгон. Күндө эртең менен кайсы кийимди эмне менен айкалыштырып кийүүнү ойлонбой эле кийип кете берет.

Цукерберг жубайы Присцилла Ч​ан менен Гарвард университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Эки жаш 10 жыл сүйлөшүп, 2012-жылдын 19-май күнү баш кошушкан.

Ал эми 2015-жылы түгөйлөр кыздуу болушуп, ага Максима деген ысым ыйгарышкан.

14-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aida007
2018-05-14 08:28:17
Кандай Гана Азамат!!!!
+3
AKCAHAT
2018-05-14 09:18:58
Себеби ага баары бир кокпу Кызыл сары жашыл. Цукерберг дальтоник. Ошондуктан фейсбук дагы кок тусто
-3
taalay25
2018-05-14 12:51:47
Кыйын еврейго бул
-1
States
2018-05-14 17:57:41
taalay25, Ооба ата энеси Израилден кочуп келишкен мигрант болуп
0
Rolly
2018-05-14 20:18:44
Мен ушул жашоодо итке минген кедей еврейди Коро элекмин, коройун дегенде эки козум торт. Цукербергдей беш киши болсо Кыргызстанда анда башкача болмок элек. Но умут бар, кутолу, мумкун азыркы телефон чукугандардан бирдеме чыгар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан