Израиль премьер-министри Биньямин Нетяньяху бардык өлкөлөрдү элчиликтерин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Израилдин Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-майда АКШ Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрөт. "Мен бардык мамлекеттерди АКШдан үлгү алып, элчиликтерин Иерусалимге көчүрүүгө чакырам. Силердин бул кадамыңар дүйнөлүк иштерге аралашууңарга мүмкүндүк берет", - деди Нетяньяху.
Айта кетсек, бүгүн боло турган АКШнын элчилигинин ачылуу аземине президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп менен анын жолдошу Жаред Кушнер катышат. Ошондой эле Гватемала менен Парагвайдын президенттеринин катышуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирген.
Ал эми 2017-жылы 21-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп атоого каршы добуш берген. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 128 мамлекет АКШны бул чечимден баш тартууга чакырса, 35 мамлекет добуш берген эмес, ал эми 8 өлкө АКШны колдогон.
Белгилей кетсек, бир катар Батыш өлкөлөрү Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышпайт. Палестиндер өзүнө эски шаарды камтыган, мусулман, христиан жана еврейлердин ыйык жайлары жайгашкан Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болушу керек деп талап кылып келишет.