29 гезиттин ичинен “Супер-Инфо” гезити өлкөдөгү кыргыз тилдүү гезиттердин мыктысы болуп тандалды

“Супер-Инфо” гезити өлкөдөгү кыргыз тилдүү гезиттердин мыктысы болуп тандалды. Мындай чечим интернет айдыңында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду. Эске салсак, өлкөдөгү маалыматтык агенттиктердин бири 11-июндан 21-июнга чейин интернет аркылуу Кыргызстанда рейтинги жогору, мыкты гезиттер кайсылар экени тууралуу окурмандардын пикирин билүү максатында сурамжылоо жүргүзгөн. 21-июнь күнү саат 17:00дө сурамжылоо жыйынтыкталып, добуш берүү токтотулган. Жыйынтыгында “Супер-Инфо” гезити эң жогорку добушка ээ болуп, өлкөдөгү кыргыз тилдүү гезиттердин мыктысы боло алды. Сурамжылоого жалпысынан 29 кыргыз тилдүү гезит катышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан