17-июнь күнү Нарын облусунун аймагында Соң-Көл өрөөнүндө жана Кара-Кужур жайлоосуна жааган кардын кесепетинен жергиликтүү малчылардын мал жандыктары өлгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы облус боюнча 1025 баш кой-эчки (анын ичинен 324 баш эчки), 12 жылкы (анын ичинен 1 тай, 1 кулун), 19 уй (анын ичинен 7 торпок, 3 музоо) кырылган. Материалдык чыгымдын суммасы 5 миллион 413 000 сомду түздү. Ал эми облус боюнча мал жандыктары жана эгин талаалары боюнча келтирилген жалпы материалдык чыгым 18 миллион 376 400 сомго жеткен.