17-18-июнь күнү Ысык-Көл облусунда жааган кардын кесепетинен тоодогу жергиликтүү малчылардын мал жандыктары өлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жалпы облус боюнча 971 баш кой-эчки, 26 жылкы, 49 уй кырылган. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 7 миллион 953 000 сомду түзгөн.