Ат-Башыда айдоочу унаасы менен дарыяга түшүп кетип каза болду

Кечээ, 21-июнь күнү болжол менен саат 18:00дө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 1980-жылы туулган Бактыбек Касымов Москвич үлгүсүндөгү унаасы менен Ат-Башы дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. ӨКМнын Нарын шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, бүгүн, 22-июнда саат 05:30да кран менен унааны жана айдоочуну чыгарышкан. Куткаруу кызматкерлери Б.Касымовдун жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан