Эстрада ырчысы KG Элмурат Ош шаарында 12-майга белгиленген концертин сыркоолоп калганына байланыштуу башка күнгө жылдырганга аргасыз болду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирип, күйөрмандарынан кечирим сурай тургандыгын айтты.
“12-май күнү Ош шаарындагы филармонияда концертим белгиленген болчу. Ошол күнү Бишкектен учуп келгем. Аэропорттон түшүп эле ооруканага кеттим, анткени ага чейин сасык тумоо болуп 3 күн төшөктө жаткан элем. Сасык тумоо бат эле кетсе керек деп көңүл бөлбөй жүрө бериптирмин. Дарыгерлер ангинаң ириңдеп кетиптир дешти. 12-майга белгиленген концертиме билеттердин жарымы сатылып калган болчу. Ал күнү боло турган концертимди 15-майга жылдырдык”, - деп билдирди ырчы.