АКШнын Техас штатында жашаган 18 жаштагы Альма Понсе кара терилүү жигит менен жолугушуп жүргөндүгү үчүн анын жүзүнө белгисиз адамдар кислота чачып кетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматта жазылгандай, окуя болгон түнү ал апасы жана иниси менен үйүнө келе жаткан. Ошол учурда чоочун адам алардын үйүнө кире бериш жердеги жарыкты өчүрүп койгон. Апасы дарбазаны ачканча кызынын бетине кислота чачып жиберишкен.
"Мен дароо эле бассейнге чуркадым, андагы суу менен күйүктүн оорусун басаңдатуу аракетин көрдүм, бирок эч кандай жардам болгон жок. Бетимдин териси агып бараткандай туюлду, кислота көзүмдүн ичине да кирип кеткендиктен көзүм такыр көрбөй калды", - деген ал.
Альманы дароо ооруканага жеткиришкен. Анын жүзү, моюну жана төшү күйгөн. Полиция жаш кыздын тагдырын талкалагандарды таба албай жатканы менен кол салуунун себептерин расалык бөлүнүүчүлүктөн улам келип чыккан деп атаган. Анткени ошол күнү Альманын терезесинде анын мурда кара терилүү жигит менен жолугушуп жүргөнүн билдирип, шылдыңдаган граффити пайда болгон.
"Мен ошол күндү күн сайын эстеп, ойлоном. Эсимден кетпей коркунуч коштоп жүрөт. Мунун баары түш болуп калса деп тилеп, күзгүгө келип күйүктөн калган тактарды көргөндө көңүлүм чөгөт. Азыр сыртка чыккандан корком, алар мени аңдып жаткандай, дагы кол салчудай сезилет", - деген Альманын билдирүүсүн жазышкан чет элдик басылмалар.