Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин Түз эфиринде ырчы Клара Алибекова конокто болот

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - "Кыргызымдын жигиттери”, “Классташым”, “Биринчи сүйүүм”, “Көздөрүң мейиз” жана башка эл жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды аткарып жүргөн ырчы Клара Алибекова.

Ырчы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Кичине кезимде акча эмне экенин деле түшүнгөн эмесмин. Сахнага чыгып ырдап жатканыма эле бактылуу элем. Кийин көп ырчылар менен, алардын катарында Айчүрөк Иманалиева, Гүлшайыр Садыбакасова менен иштешип калдым. Азыр ойлонуп, эмне себептен "Нур" тобунан кеткенимди дале билбейм. Айчүрөк эже "мен мындай форма тиктирип берем, ыр жаздырып берем, чет өлкөгө алып барам" десе азгырылып кеттим көрүнөт. Жаштыгымдан улам мени көптөр пайдаланышканын азыр гана түшүнүп калдым”, - деп айткан.

Өз мезгилинин популярдуу жылдызы Клара Алибекова “Турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым” деп агынан жарылган жайы бар. Жеке жашоосу тууралуу “Байышка турмушка чыкканыма өкүнөм. Ал аялы менен ажырашпай жашай берсе, мен да башка менен бактылуу болмок белем” деп кейиген.

Жакында эле социалдык тармактарда “Кларага жардам беребиз” деген кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, ырчынын чыгармачылыгын сүйгөн адамдар Алибековага колдоо көрсөтөбүз, клип тарттырып, ыр жаздырганга жардам беребиз деп чыгышкан. Ага ырчы жооп кылып: “Дени-карды соо Клара өзү иштебейби?! Ырчылар ушинтип элден акча чогултуп жашай беришсе болобу?" деген комментарийлерди окуп жүрөгүм ооруду” деп ал колдоодон баш тартканын билдирген.

Клара Алибековага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Клара Алибекова түз эфирде конокто болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Stervashka
2018-05-14 21:20:15
Келген коноктордун баарын корот элем, Клараны коро албайм. Суйлогонун коруп жарылып кетем. Тынч эле ден соолук каалап коёюнчу. Ийгилик Клара!
-19
Diana-Ban
2018-05-14 21:37:25
Кичинесинде аябай соонун кыз эле баары чон кичине дебей суйушчу, чонойгондо эч кимге жакпай калды ХХХХХХХ
Суроо: Эч ким сизди укпаса эч ким тойго чакырбаса ырчылыкты таштап башка оокат эмнеге кылбайсыз?
ХХХХХХ
-9
aszyma
2018-05-14 21:44:26
Кичинесиде акылы жеткен эмесда. Атаэнени укпай калган маал болот өзү ар бир адамда. Ошол кезде кыз балага Апа катуу туруш керек экен.
Азыр эми өзүмдүкүн бербейм. Мен ушул ишти кылам деп иштеш керек. Бирөөгө бат алдана тургандай шалдырап эле калган. Кандай кыз элең. Азыр эми балаң үчүн өзүң кчүн ата-энең үчүн күчтүү чыйрык бол.
+4
barakcha
2018-05-14 21:55:07
Клара сизге суроо.Озунуздон бир топ жаш улуу,колунда бар мырза экинчи аялым болуп мага турмушка чык,мен сени баардык жагынан колдойм десе эмне кылмаксыз?
+3
meni_kut
2018-05-14 22:22:39
Урматтуу коментаторлор.Кларанын уулу чоноюп калды ,6-класс,ойлонуп жазгыла окуп конулу чокпосун.Сенин апанды да бироо жаман десе кандай болосун?
+25
bond02
2018-05-14 23:24:52
менде бир эле суроо, мен сенин жеке жашоон тиги муну сурап башынды оорутпайм. Коздорун мейиз деген кыргызда соз бар беле? мисалы коздорун карагат, бакыран коз деген создор бар. бул созду силер кайдан алдынар? адашпасам бул ыр Юлдуз Усманованын "Кузларинг маюс" деген ыры болуш керек ээ?
-7
States
2018-05-14 23:41:00
Ушул жерде комментарий жазгандар Кларадай болуп силерди ким тааныйт ? Же жашоонор Клараныкынан кыйын бы ? Озунорду Кларага тенебей эле койгулачы Кларанын жашоосун коюп озунордун жашоонорду туздоп алгылачы .
+12
Medinaa
2018-05-15 00:47:28
States,Ошону айттың.Тим эле тыңсынып
алгандарына кантесиң)))
+10
jasgul
2018-05-15 09:10:49
Кларага атактуулук ото эле эрте келгендиктен, аны которууго жаштык кылган да, чындыгында алдаса болот жаш башты дегендей алданып калган. Биз кичинесинде тойлорго Клара келет дегенде жыйылган адамдарды коруп оозубуз ачылчу. Апасы деле бир маегинде:- кой кичинесин десем болбой, чынырып ыйлап, укпай кетип калды,- деп айтканы бар эле.
Клара, откон кундоруно окуносунбу же кайра жашоо берсе дагы деле ушул жолду тандамаксынбы? 1- агайын бар эле го , аны нааразы кылбадын беле деги?
+5
alikgz
2018-05-15 09:52:08
Клара жаны ырыныз аябай жакты сонун чыгыптыр,
Ал ырыныздын созу обону ким?
+2
Modric10
2018-05-15 13:20:25
Клара кандай ден соолуктарын.
туулган кун ырынды ырдап чыкчы.башка суроом жок
+2
aikokul14
2018-05-15 14:34:44
Клара,жыгачтын жумшагын курт жейт дейт,бир аз тың бол,өзүңдүн жемиңди бирөөгө жедирбе жана адамдардын көңүлүн оорутуп алам деп жүрө бербей ЖОК деп жооп кайтарганды үйрөн.Сени дагы сахнадан күтөм,чыгармачылыгыңды баалайм,ийгилик сага!
+2
aszyma
2018-05-15 15:43:01
Клара Милициялар менен сот иштери не болду. Жазага тартылдыбы? Сени маскара кылып видеого тартып интернетке чыгарып жиберди элего? Ошолор ж.дө сурап жатам?
+1
ekonomist.
2018-05-15 16:22:40
колунузду сураган эркектер болдубу, эгер болсо баланыз жаш кезинде турмушка чыгып албайсызбы, дагы тороп дегендей, кыз торосонуз абдан жакшы болот, мээримдуу, куйумдуу.
+2
tavanova.sarah
2018-05-16 08:56:29
С.инфо, ырчыларды кичине коюп туруп, Миграция министиринен, же элчилерди да чакырыныздарчы? Тем более азыркы убакта аларга суроолор коп болуп атат?..
Кенен кесири жооп угайлычы, ар кимден "имиш имиш" дегенди укпай, оз оздорунан угайлы?
Рахмат!
+1
Kairatsadybakasov1994
2018-05-16 10:36:15
Саламатсызбы Клара эже сизде озгочо талант бар ошол таланты жакшылап пайдалансаныз сиз ийгиликтуу ырчы болмоксуз балким продюсер менен иштешес буга кандай карайсыз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан