WEF Global 12: Илимбек Токтогулов чемпиондук курун сактап калды

Бүгүн, 14-майда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 12" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча мелдеште Илимбек Токтогулов чемпиондук курун сактап калды.

71 килограммга чейинки салмак чениндеги беттеште "WEF Profight'тин" чемпиону Илимбек Токтогулов Ринат Саякбаев менен беттешти. 5 раунддук беттештин жыйынтыгында Токтогулов калыстардын чечими менен 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Илимбек Токтогулов чемпиондук курун сактап калганга үлгүрдү. Андан тышкары Токтогулов чемпиондукту сактап калганы үчүн ага Honda Accord үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher.
2018-05-15 03:50:24
Азаматсын Илимбек!!! Алай эли сени менен сыймыктанабыз! Мындан да чон ийгиликтерди жарата бер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан