21-июнь күнү эртең менен саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 634-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Форд-Транзит үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. Жабыркагандар Куршаб айылдык ооруканасына жеткирилген.