Британияда 71-ирет Британиялык кино жана телеискусство академиясынын (BAFTA) наамдарын тапшыруу аземи орун алды. Анда калыстар тобу "Острые козырьки" тасмасын жылдын мыкты сериалы деп аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, британиялык режиссёр жана сценарист Стивен Найттын сериалы 2013-жылы көрсөтүлө баштаган. "Острые козырьки" сериалы чыныгы болгон окуянын негизинде тартылган. Тасма жаратуучулар аталган сериалдын 4 сезонун тарткан. Ал эми 5-сезону 2019-жылы көрсөтүлөрү айтылууда.
Ал эми "Мыкты чет элдик сериал" наамын "Рассказ служанки" сериалы алган. Наам алуу жаатында актёрлор, актрисалар да четте калган жок. "Мыкты актёр" - Шон Бин, "Мыкты актриса" - Молли Уиндсор деп табылган.