КҮНСЕРЕП: Эт менен челдин ортосундагы "саясий ишеним"

Бүгүн, 15-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, президенттин алдындагы Соттук реформа боюнча кеӊештин катчысы Манасбек Арабаевди кызматтан алды. Арабаев "саясий жетекчиликтин ишенимин жоготту" деген негизде кызматтан алынды. Дал ушул берененин башка пункту боюнча 2017-жылы Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алынган. Тагыраагы, Матраимов "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деп кетирилген. Ошентип эл оозунда бири бажынын, бири сот тармагынын көмүскө кожоюндары аталып жүргөн таасирдүү адамдар окшош негиздеме менен иштен айдалышты.

Манасбек Арабаев аталган бөлүмдү 2015-жылдан бери жетектеп келген. Ал эми Соттук реформа боюнча кеӊешке 2011-2017-жылдары экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылды. Бирок өлкөдө соттук реформа жасалбаганын саясатчылар, депутаттар айтып, президент Сооронбай Жээнбеков да моюнга алып, Жогорку Соттун төрайымына сот бийлиги эӊ коррупциялашкан орган экенин, бийликтин бул бутагына элдин ишенимин кайтаруу керектигин айтты. 7 жылда үмүттү актабаган президенттик аппараттагы жогорудагы бөлүмдү кармап отуруу зарылбы деп суроо салгандар да болууда. Депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Жыргалбек Турускулов, юрист, жарандык активист Улан Жумаков бул бөлүм сот тармагы боюнча жарандар менен президентти байланыштырып турган орган экенин, аны жоюп салуу туура эмес болорун, болгону бөлүмдүн жетекчилигине жаӊы дайындалган адам таза, өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана иштеши керектигин айтышат.

Эми Манасбек Арабаевдин аты аталган окуяларга токтолсок. Жогорку Кеӊештин депутаттары Канат Исаев, Алмамбет Шыкмаматовдун соттук ишинде айыпталуучу тарап судьялар Арабаевдин көзүн карап калганын айтып нааразы болушкан. Ушул жылы апрелде мурдагы сот Максуда Оморова кызы, Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова чечим чыгарууда Ак Үйдүн буйругун укпай койгону үчүн Манасбек Арабаевдин басымынан улам кызматтан кетүүгө арыз жазганын айтып чыкты. Бул билдирүүгө Арабаев да, президенттик администрация да жооп берген эмес. Депутат Дастан Бекешев жана оппозициядагы саясатчы Эдил Байсалов Оморованын билдирүүсү жоопсуз калып кеткенин, буга президент Жээнбеков сөзсүз көӊүл бурушу керектигин эскертип келишкен.

7-майда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эсенгул Исаков Манасбек Арабаев Карганбек Самаковдун соттук ишине кийлигишип жатат деп маалымат жыйын берди. Ал эми "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери Арабаев жөнүндө айтылып жаткан маалыматтарды текшерүүнү суранып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жиберишти.

Жакында УКМК экс-депутат Рустам Маманов менен Рустам Воинов аттуу жаран кармалганын жарыялап, бирок алар кайсы ишке шектелип жатканын ачыктаган эмес. Интернет желесине булар Бишкек шаарында кытайлык жарандын мүлкүнө байланыштуу чуулгандуу ишке шектелип жатышат, бул иште Манасбек Арабаевдин да ысымы аталууда деген маалыматтар чыкты. УКМК бул маалыматтарды төгүндөп же ырастай элек.

Кечээ, 14-майда Бишкекте камактагы саясатчылардын абалы талкууланган форумда президентке кайрылуу жиберилди. Андагы бир пунктта Манасбек Арабаевди кызматтан алып, жазага тартуу талабы бар эле.

Бийликтин "эскилерге" ишеними кетип бүтө элек. Ал "ишеним" мэрлерге, элчилерге жакындап калгандай. "Ишенимден" тайган элчилердин сап башында Кыргыздын АКШдагы элчиси - Атамбаевдин мурдагы пресс-катчысы - Кадыр Токтогулов турары айтылууда...

Өкмөттө электр энергиясынын тарифин көтөрүү маселеси кайрадан козголо баштады. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов электр энергиясына тарифтерди көтөрүү зарыл деген пикирде. Чиновник көмүр, газ, күйүүчү май кымбаттап, жалгыз электр жарыгына болгон баа өзгөрүүсүз калып жатканын айтат. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каршы экенин билдирди. Энергетика тармагында миллиондогон долларлык уурдоолор болгон деп шек жаралып, бир топ мамлекеттик чиновниктер камалып жатканда, тармактын оор абалына карабай энергетиктер 6 миллион сомду Ысык-Көлдө 2 коттеджди оӊдоп-түзөөгө жумшап жатканда электр энергиясына тарифтерди көтөрүү жөнүндө сөз кылуунун өзү элди келесоо көрүү болмок. Муну өкмөт башчы түшүнүп турат. Андыктан ал энергетика тармагындагы учурдагы баш аламандык иретке келтирилип, элдин ишеними кайтканга чейин бааларды көтөрүү тууралуу сөз болбосун билдирди.

Электр жарыгына бааны көтөрүүнү Сапар Исаковдун өкмөтүндө биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев сунуштап келген. Шадиев 70 тыйындык тариф чыгымды актабай турганын, тарифтерди сөзсүз көтөрүү керектигин, ансыз келечекте Кыргыз эли караӊгыда каларын айтып "конгуроо каккан". Шадиевдин эсепчиси Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаӊылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын да эсепчиси болуп чыкканын Жогорку Кеӊештин депутаты Кожобек Рыспаев өткөн аптада айтып чыкты. Депутат Прокуратура, УКМК кызматкерлерине кайрылып: “Бул күмөндүү көрүнүш эмеспи? Эмнеге бул жагдайды иликтебейсиңер?” - деп суроо узатты.

Шадиевдин жогорудагы сөзүнөн 3 күндөн кийин Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, бул окуядан кийин ЖЭБди 386 миллион долларга жаӊылоо ишиндеги күмөндүү жагдайлар калкып чыкты. Мисалы, ЖЭБди жаӊылоодо кадимки кычкачтын баасы 600 доллар, кондиционер 57 миӊ доллар, видеокамера 14 миӊ доллар деп базар баасынан эселеп кымбат көрсөтүлгөнү элге жарыяланды. ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу станцияны жаӊылоого болжол менен 250 миллион доллар жумшалды деп жатат. Калган 136 миллион доллар кайда кетти деген суроо бүгүн жоопсуз турат.

Энергетика тармагын оӊдоого алынган миллиондогон карыздар ушинтип күмөндүү пайдаланылып, таланып-тонолуп жатса, "тариф өзүн актабай жатат" деп электр энергиясынын баасын көтөрүп элдин эсебинен уурдоолордун изин жабууга энергетиктердин моралдык укугу барбы? Өкмөт жыйынында Абылгазиев "бизге элдин ишеничи болмоюнча, системага ачыктыкты алып келмейинче тарифти көтөрүү жөнүндө сөз болбошу керек. Миллиондогон долларлар тууралуу сөз болуп жатса, эртеӊ өкмөт 10-15 тыйын кошуп төлө десе, эл эмне дейт? Ортомчу компаниялар электр энергиясын 36 тыйындан сатып алып, кайра 1 сом, 1,5 сомдон сатып жатканда тарифти көтөрөбүз деп кантип айтабыз?" - деди. Элдин оюндагы сөздү айтканы үчүн Абылгазиевге мактоолор айтылууда, бирок маселе сөздөн ишке өтүүдө. Анткени Абылгазиев талап кылган ачыктыкты убагында бардык премьерлер айтып, бирок энергетика тармагы дале коррупциялашкан бойдон калууда...

14-майда Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өттү. Кыргыз өлкөсү, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын лидерлери энергетика, санариптик экономика, медицина, экология маселелерин талкуулашты. Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин алкагында Кыргыз өлкөсү үчүн оӊ жыйынтыктар да, чечиле элек көйгөйлөр да бар экенин айтып, уюмдагы өлкөлөр ички атаандаштык тирешинен кетип, биргеликте эл аралык аренада алдыга умтулушу керек деди.

Көндүм көрүнүшкө айланган ЕАЭБдин жыйынында Армениянын жаӊы премьер-министри Никол Пашинян коомчулуктун өзгөчө кызыгуусун жаратып турду. Анткени 2014-жылы Армения ЕАЭБдин курамына кирмекчи болгондо парламентте депутат Пашинян каршы добуш берген. Премьерликке талапкер кезинде күн тартибинде Армениянын ЕАЭБ жана ЖККУ өӊдүү уюмдардан чыгышы жөнүндө маселе жок экенин, мындай иштер референдум жолу менен гана чечилиши керектигин айткан.

14-майдагы жыйында Пашинян Армения бардык эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕАЭБдин алдындагы милдеттенмелерин толук аткара турганын, өз өлкөсү ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен алаканы чыӊдоого кызыкдар экенин билдирип, ЕАЭБдеги өлкө башчыларынын, өзгөчө орус бийлигинин көӊүлүн тынчтандырды.

Быйыл апрель айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ооганстандан келчү террордук коркунучтардан улам Орусия Кыргыз жериндеги аскердик базасын күчтөндүрүп жатканын айткан эле. Кечээ Орусия ЖМКларына маек берген Жээнбеков аймакта коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосунда ар дайым сүйлөшүү жүрүп келгенин, Шойгунун билдирүүсү ал сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларынын бири экенин маалымдады. Ал эми Кыргыз жерине Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу мүмкүндүгү жөнүндө суроого Ооганстандагы кырдаал аймактык коопсуздукту биргеликте чечүүгө алып барарын, бирок Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу боюнча Кыргыз тарап акыркы чечимди кабыл ала электигин айтты.

2003-жылы сентябрь айында Орусия Кыргыз өлкөсү менен Кант шаарына аскердик базасын жайгаштыруу үчүн 15 жылдык келишим түзгөн. База Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында ачылган. 2012-жылы келишим кайра каралып, аскердик базанын мөөнөтү дагы 15 жылга узартылган. Бул келишим 2017-жылдын январь айында күчүнө кирген. Келишимге ылайык, он беш жылдык мөөнөт менен 2032-жылга чейин орусиялык база Кыргыз өлкөсүндө өмүр сүрөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан