Бүгүн "Трансформерлер" фильминин жылдызы, америкалык актриса Меган Фокс 32 жашка толду. Ал 1986-жылы 16-майда АКШнын Теннеси штатында төрөлгөн. Меган Фокс 3 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетет. Апасы эки кызы менен башка кишиге турмушка чыгып алат. Өгөй атасы тартипти катуу кармап, кыздарына көчөгө чыгууга, кечелерди өткөрүүгө тыюу салган.
Ал 5 жашында бий ийримине барып, бир нече бий сынактарына катышып, сыйлыктарга ээ болгон. Муну менен катар эле театралдык ийримге да барган.
2001-жылы алгачкы актрисалык карьерасы "Күнөстүү эс алуулар" ("Солнечные каникулы") тасмасынан башталган. Андан кийин "Оушен көчөсү" ("Улица Оушена"), "Жардам" ("Помощь"), "Жаман жигиттер" ("Плохие парни") жана башка тасмаларда роль жаратат.
2007-жылы "Трансформерлер" фильминде башкы каармандын ролун ойноп, атактуулукка жетет. Бул ийгилиги анын алдыдагы белгилүү режиссёрлор менен иштешүүсүнө жол ачат. Тагыраагы, "Трансформерлер" тасмасынын кийинки чыгарылышына, "Женнифердин денеси" ("Тело Дженнифера") тасмасына тартылган.
2010-жылы Меган Фокс 6 жыл сүйүү мамилесинде болуп жүргөн америкалык актёр Брайан Остин Гринге турмушка чыгат. Түгөйлөр Ноа Шеннон Грин (2012-жылы) жана Бодхи Рэнсом Грин (2014-жылы) деген уулдуу болушкан.
2015-жылы актриса жолдошу менен ажырашууга бел байлайт. Бирок үчүнчү ирет кош бойлуу экенин билип арызын кайра алган. 2016-жылы Жорни Ревер Грин деген уулдуу болушат.
* "Трансформерлер" тасмасынан кийин "FHM" журналы Меган Фоксту планетанын эң сексуалдуу айымы деп тапкан.
* 2010-жылы Меган Фокс италиялык бренд "Giorgio Armani" компаниясынын башкы жүзү болгон.
* Актриса наркотикалык заттардын бардык түрүн колдонуп көргөн. Бирок ага марихуана гана жакканын, бүгүнкү күнгө чейин колдонорун жашырбай келет.
16-майга карата жылнаама.