Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Кытай элинин I даражадагы ырчысы" наамынын ээси, кытайлык кыргыз ырчысы Арзыгүл Турган 1976-жылы 15-майда Кытайдын Үч-Турпан айылында төрөлгөн. SUPER.KG порталы учурда Кытайда жашап жаткан ырчы айымга байланышка чыгып, бул күндү ал кантип өткөрөрүн билди.
"Жылда туулган күнүмдө үйдөгүлөр, бир туугандарым менен белгилечүмүн. Быйыл кыргыз, казак досторум өткөрүп беребиз деп, даярданып жүрүшөт. Мен үчүн канча жашка чыкканым маанилүү эмес. 18 жашка чыккандай кубаным турам", - дейт.
Ошондой эле Арзыгүл Турган: "Мени турмушка чыкты деген маалымат туура эмес. Турмушка чыксам кыргыз туугандарды чакырып, дүйнөгө даңазаламакмын", - деп билдирди SUPER.KG порталына.
Арзыгүл Турган: "Кичинемде эки эненин тарбиясын алгандыктанбы, айтор, эрке өстүм. Бири өзүмдү жарык дүйнөгө алып келген Зулайка апам болсо, экинчиси мени багып чоңойткон атамдын карындашы Кенжекан апам болду. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз: эки кыз, төрт уул. Мен бешинчисимин", - деп "Супер-Инфо" гезитине маек курган эле.
15-майга карата жылнаама.