Сильвестр Сталлоне "Рокки" тасмасына чогуу тартылган таш бакалар менен селфиге түштү. Эми актёр таш бакалар менен дагы бир жаңы тасмага тартылууда

Америкалык актёр Сильвестр Сталлоне "Рокки" тасмасында өнөктөш болгон таш бакалар менен сүрөткө түшүп, социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөдү. Эң кызыгы, таш бакалар 44 жашта болгон. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Сильвестр Сталлоне Кафф жана Линк деген таш бакалар менен "Крид-2" тасмасына тартылуу учурунда селфи жасап, сүрөттү Инстаграм баракчасы аркылуу бөлүшкөн. Ошондой эле таш бакалар 44 жашта экенин билдирген.

Айта кетсек, Сильвестр Сталлоне 42 жыл мурун, тагыраагы, 1976-жылы ушул таш бакалар менен "Рокки" тасмасына чогуу тартылган.

Ал эми аталган сүрөт бир нече күндүн ичинде миңдеген "жакты" белгисин топтой алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан