Бүгүн намибиялык модель Бехати Принслу 29 жашка толду.
Ал 1989-жылы 16-майда Намибия Республикасында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө африкаанс жана англис тилдерин окуган. Андан тышкары көркөм гимнастика, жеңил атлетика жана спорттун гольф түрү менен алектенген.
Бехати Принслу 15 жашынан тарта моделдик кесипти аркалай баштаган. 2005-жылы "Prada", "Miu Miu", "Chanel" мода үйлөрүнүн көргөзмөлөрүнө катышкан. Көп узабай эле "Marie Claire", "Elle", "Vogue" журналдарынын жүзү болгон.
2007-жылы "Victoria's Secret" мода үйү менен иштешип баштаган. 2009-жылы аталган бренддин периштелеринин бири боло алган. Ушул эле жылы "models.com" сайтынын версиясы боюнча Бехати Принслу эң сексуалдуу моделдердин катарына кирген.
2012-жылы "Victoria's Secret" брендинин периштеси америкалык ырчы Адам Левин менен сүйүү романын курат. Сүйүшкөндөр 2 жылдан кийин баш кошуп, 2016-жылы Дасти Роуз Левин аттуу кыздуу болушат. 2018-жылы жан шериктердин үй-бүлөсүндө толуктоо болуп, Жио Грейс Левин деген кыздуу болушат.
16-майдын жылнаамасы.