АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын бөйрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, операция бүгүн, 15-майда жасалды.
Биринчи айымдын бөйрөгүндөгү шишиктерди алып салуу үчүн операция Мэриленд штатындагы Уолтер Рид аскерий-медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлердин билдиришинче, операция ийгиликтүү жасалып, учурда абалы жакшы экени айтылууда. Ошондой эле биринчи айым ооруканадан бир жумадай дарыланып, анан чыгары белгилүү болгону жазылат маалыматта.
Ал эми операция убагында Дональд Трамп Ак Үйдө болгон.