Малайзияда каракчы менен кармашкан кыз бетине бычак сайылган абалда полицияны күтүп турду

Малайзияда каракчы менен кармашкан 19 жаштагы кыз бетине бычак сайылган абалда полицияны күтүп турду. Мындай кабарды чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Малайзиянын Пинанг шаарындагы дүкөндөрдүн биринде иштеген кызды белгисиз адам карактоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө каракчы анын бетине бычак сайып, окуя болгон жерден из жашырган.

"Окуя кыз жумуштан чыгып үйүнө караңгы көчө менен баратканда болгон. Интернетке жарыяланган сүрөттөн бычак кыздын оң жак көзүнүн астында сайылып турганын көрүүгө болот. Ал бычакка полиция келгенге чейин тийген эмес жана эсин жоготкон эмес. Ошондой эле жабырлануучу ашказанынан жана моюнунан жаракат алган", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, полиция көчөдөгү видеобайкоого жана кыздын көрсөтмөсүнө таянып каракчынын чымыр денелүү экенин аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dembele84
2018-05-15 19:48:10
ХХХХ Кудай сактаптыр козунон
+1
Ka2sr1
2018-05-15 20:07:55
Эмне деген шумдук. "Терминатор 3" ги бандит кыз го "Скайнет".
-5
Syimyk.isaev
2018-05-15 20:45:51
Кудай сактасын.
+4
alhamdu
2018-05-15 20:50:04
Алла сактай кор.Кызга боорум ачыды. Ошол каракчыдай болгондун озуно дагы ушундай бычак урса барбы ошол замат жаны узлуп кетсе керек.Эртерээк айыгып кетсин тиги кыз.
+10
Peri93.93
2018-05-15 21:07:28
Коруп алып журогум тилиндиго,кызга боорум ооруду,бечара абалын карасанар?абалы ото кыйын болуп турат,Шумшук бычак Адам табылып жазасын алса экен акмак?кыз молтуроп турганын карагылачы?
+12
Bolunbo.kyrgyz
2018-05-15 22:40:58
Бул прикол бир фотодо он бетинде бир фотодо сол бетинде сайылганы корунуп турат бычак.
-10
remi.005
2018-05-15 23:26:47
Bolunbo.kyrgyz,прикол эмес эле телефондо озуно каратып тартканда сол жагында болуп корунуп калган.
+5
Bolunbo.kyrgyz
2018-05-15 23:37:21
remi.005, тамаша бирок
-6
Kairatsadybakasov1994
2018-05-15 23:18:32
ээ кудай эмне болуп баратат боорум ооруду кызга
0
Djal1987
2018-05-16 03:11:43
Катын сымаал эркектер кооооооооп аябай. Алсыз кызга кол которгон. Кыргызстанда да катын сымааал эркектер коооооп аябай.беттерине чындык созду айтып салсан чашташып мушташып айтышып кетишет ызырынып.нервтери жука.
+3
Kicha
2018-05-16 11:44:49
1чи 2чи суротто он бети 3чу суротто сол бетиго кандай тушунсо болот эми супер кg озунор деле ойлонуп корсонор болмок экен
0
GOLOS
2018-05-16 13:07:57
Kicha, зеркальный кылып же озун селфиге тарткан окшойт
0
kimsanbek
2018-05-16 15:03:59
Kicha,суротту жакшылап карасан 3- сурот зеркальный тартылып турат!
0
Mednur
2018-05-16 15:30:03
Иий байкуш шымынын бир жак буту да айрылып түшкөн окшойт алышып жатканда десем шортик кийип берки бутунун баары татуировка турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан