Ушул жылдын 5 айында “Түндүк электр” ишканасы өз убагында төлөбөгөн 91000ден ашуун абоненттин электр энергиясын чектеди
2013-жылдын 5 айында “Түндүк электр” ишканасы өз убагында төлөбөгөн 91 000ден ашуун абоненттин электр жарыгын өчүрдү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5 айында 2670 рейд жүрүп, электрди
пайдалануу эрежелерин бузган 127 өнөр жай абоненттерине 6 миллион сомго акты жазылган. Мындан сырткары 3493 турмуш-тиричилик
абоненттерине 11 миллион сомго жакын суммадагы акты
жазылган. Ошондой эле өз убагында төлөбөгөн 91 000ден ашуун абоненттердин электр жарыгы өчүрүлгөн. Жоготууларды төмөндөтүү жана энергиянын эсеп тутумун жакшыртуу
максатында жыл башынан бери карай “Түндүк электр” 6877 эсептегичти имарат тышына чыгарып, 5533 эски жабдууну жаңы жабдууларга алмаштырган. Иш-чаралардын натыйжасында
көрсөтүлгөн мезгилде ишкананын акча төлөмдөрүн чогултуу
21 миллион сомго жогорулап, жоготуулар өткөн жылдын
ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөндөгөн.