Канн кинофестивалында Кыргыз кызы тууралуу тартылган тасма ат салышат

71-ирет өткөрүлүп жаткан Канн кинофестивалына орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун Кыргыз кызы тууралуу тарткан тасмасы "Алтын бутак" сыйлыгы үчүн ат салышат. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, быйыл өткөрүлүп жаткан эл аралык кинофестивалга "Айка" тасмасы катышып, негизги баскычтан өткөн. Эми аталган тасма белгилүү режиссёрлор тарткан фильмдер менен башкы сыйлык үчүн ат салышат.

"Айка" тасмасы - Москва шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн Кыргыз кызынын окуясын чагылдырган драма. Анда Айка күтүүсүз жерден кош бойлуу болуп, баласын жарыкка алып келет. Жардам берип, каралаша турган адамы болбогондуктан, жаңы төрөлгөн ымыркайын төрөт үйүнө таштап кетет. Бирок энелик сезими ага жай бербегендиктен таштап кеткен баласын издейт.

Тасмада башкы ролду казак актрисасы Самал Еслямова жараткан. Тасманы жаратууга Орусия, Казакстан, Польша, Германия жана Кытай мамлекеттери да катышкан. Драманы тартуу үчүн 6 жыл убакыт сарпталган.

"Айка" драмасы 18-майда көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibars
2018-05-16 16:35:20
Эмне учун кыргыз кыздарын жаман корсоткон темада, жакшы тарбия алып, окуусун мыкты окуп, жакшы жубай болгону жонундо тартса болотко.
-2
Saidochka
2018-05-16 18:49:38
Тааптыр кимди тартышты!Казак, өзбек,тажик эмес,именно кыргыз кызы.Бу,азыр кыргыз аты жаман жагынан да,жакшы жагынан да дүйнөгө дүң болоор заман окшойт
+2
vikidiki
2018-05-17 10:07:26
Эмнеге казак актрисы кыргыз кызды ойнойт? Казашка деп эле ойното бербейби? же эмне жалгыз эле кыргыз кыз бекен, жолунан адашкан? Премьерасы болсо бизде барбай, корбой коюш керек!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан