Атайын түзүлгөн комиссия ИИМдеги көптөгөн эреже бузууларды таап чыкты

20-ноябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен КРнын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздук жана укук тартибин камсыздоо кеңешинин жыйыны болду. Жыйында ИИМдин ишмердүүлүгүн текшерген ведомство аралык комиссиянын отчёту угулуп, ИИМди реформалоону активдештирүү маселеси талкууланды. Аталган ведомство аралык комиссиянын төрагасы Элдияр Убалиев аталган комиссиянын 8 ай аралыгында аткарган иштерине токтолду. Убалиевдин айтымында, серепчилердин катышуусу менен ИИМдеги кадрдык жумуштардын абалы, каржы-чарбалык иштер, мыйзамдуулук, кызматтык дисциплина жана уюшкан кылмыштуулук, паракорчулук, баңгизатына каршы күрөшүүгө багытталган иштер текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн соңунда аталган министрликте көптөгөн эреже бузуулар бар экени белгилүү болду. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев мындан кийин бардык министрликтер текшерүүгө алына турганын билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан