Бишкек шаарында каратэ боюнча жеткинчектер менен өспүрүмдөрдүн арасында мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир Кыргыз өлкөсүндөгү шито-рю-каратэ-до федерациясынын 40 жылдыгына карата өткөн. Ага өлкөнүн аймактарынан жана спорттук клубдан 100дөй спортчу катышкан. Мелдеште балдар жаш курак боюнча 5 категорияда күч сынашкан. Ал эми кыздар жаш курагы боюнча 3 категорияда мөөрөй талашкан.
Мелдештин ачылыш аземинде куттуктоо сөзү менен аталган спорттун федерациясынын президенти Александр Долгов, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров жана спортчулардын ата-энелери катышкан.
"Спорт дене булчуңдарына гана эмес, жашоого да оң таасирин тийгизет. Спорт менен машыккан балдар өздөрүн физикалык жана эмоциялык жактан мыкты сезишет. Катышуучуларга ийгилик каалайм", - деген Назаров.
Өз кезинде А.Долгов федерация 40 жыл аралыгында көптөгөн жумуштарды жасаганын айткан: "Федерация өз ишмердүүлүгүн Советтер Союзу учурунда баштап, бүгүнкү күндө да спорттун ушул багытын өнүктүрүнүн үстүндө иштеп келе жатат. Ошондой эле өлкөнүн көптөгөн аймактарында машыгуу үчүн шарттар түзүлдү", - деген ал.
Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйлангандыгы жазылат маалыматта.