Клара Алибекова: "Үй-бүлөсү бар эркектер турмушка чыгууга сунуш кылган, бирок алардан баш тарттым"

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - "Кыргызымдын жигиттери", "Классташым", "Биринчи сүйүүм", "Көздөрүң мейиз" жана башка эл жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды аткарып жүргөн ырчы Клара Алибекова.

Өз мезгилинин популярдуу жылдызы Клара Алибекова "Турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым" деп агынан жарылган жайы бар. Жеке жашоосу тууралуу: "Байышка турмушка чыкканыма өкүнөм. Ал аялы менен ажырашпай жашай берсе, мен да башка менен бактылуу болмок белем" деп кейиген.

Жакында эле социалдык тармактарда "Кларага жардам беребиз" деген кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, ырчынын чыгармачылыгын сүйгөн адамдар Алибековага колдоо көрсөтөбүз, клип тарттырып, ыр жаздырганга жардам беребиз деп чыгышкан. Ага ырчы жооп кылып: "Дени-карды соо Клара өзү иштебейби?! Ырчылар ушинтип элден акча чогултуп жашай беришсе болобу?" деген комментарийлерди окуп жүрөгүм ооруду" деп ал колдоодон баш тартканын билдирген.

Клара Алибековага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланыптүз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:08. Белгилүү ырчы Клара Алибекова акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатканын айтып өттү.

15:09. Ырчы Түз эфирдин адатка айланган ойготкуч суроолоруна жооп берип, эфирди шаңдуу ачты.

15:11. "Жаңы чыгармаларымды, клиптеримди күйөмандарым көп күтүп калды. Азыр ушул нерсенин үстүндө иштеп жатам".

15:14. "Продюсер менен иштешейин деген оюм бар. Өзүм бир продюсерге иштешели деп сунуштагам. Азырынча иштеше элекпиз".

15:15. Суроо: "Күйөрмандарыңызды күттүрбөй тез-тез чыгарма жаздырып турсаңыз".

"Акыркы күндөрү кайсы жакка эфирге барбайын жаңы чыгарма тууралуу суроолор көп жаралууда. Буюрса, жакында жаңы ырларыма күбө болосуздар".

15:17. Суроо: "Үй-бүлөсү бар адамдар "мага турмушка чык" деп сунуш кылды беле?"

"Мындай сунуштар көп болгон. Алардан баш тарткам. Анткени үй-бүлөсү бар адамга турмушка чыккым келбейт".

15:19. "Бардык муундагы ырчылар менен мамилем түз. Баары менен сылык-сыпаамын".

15:20. Суроо: "Сиз аткарган ырларды жаңылап ырдап чыккандарга канааттанасызбы?"

"Ар ким өзүнүн табитине жараша аткарат. Мен ырдаган ырларды жеткиликтүү аткаргандар бар".

15:23. Ырчы тартип сакчылары менен болгон окуясын эстеп:

"Тартип сакчылары менен болгон окуя мени стресске алып келди. Ал эми мага туура эмес мамиле кылгандар өзүнүн жазасын алган жок. "Карга карганын көзүн чокубайт" дегендей эле болуп калды".

15:26. Ырчы күйөрманынын сунушун аткарып, эфир аркылуу "Турналар" аттуу чыгармасын жандуу үн менен ырдап берди.

15:28. "Ыр дүйнөсүнө 5-класстан тарта эле аралашып баштагам. Бала кыялмын да, сахнага чыкканыма кубанып жүрчүмүн. Ал эми "менин жаштыгымдан пайдаланган" деген сөздү айткан эмесмин, антип айтуудан алысмын. Тескерисинче, эл арасында ушундай сөздөр болгон окшойт".

15:31. Клара Алибекова экинчи ирет турмушка чыгуу тууралуу кандай ойдо экенин айтты.

"Экинчи ирет турмушка чыгууну азыр ойлонгон жокмун. Азыр баламды чоңойтуп, ага тарбия берүү менен алекмин".

15:33. Суроо: "Балаңыз менен батирде жашайм дегенсиз. Азыр деле батирде жашайсызбы?"

"Ооба, азыр деле уулум менен батирде турам".

15:34. Суроо: "Уулуңузга атасы жардам берип турабы?"

"Балам атасы менен катташып, телефон аркылуу байма-бай сүйлөшүп турат. Атасы жардам берип турат. Өзүм Байыш менен байланышпайм".

15:35. Суроо: "Апаңыз батиримди сатып, Кларанын чыгармачылыгына берем деген жайы бар эле. Ошол эмне болду?"

"Апамдын батири Жалал-Абадда. Ал батирди сатып, менин чыгармачылыгыма жумшоонун канчалык пайдасы бар?"

15:39. Суроо: "Уулуңуздун келечекте ким болушун каалайсыз жана ага татыктуу тарбия берип жатам деп ойлойсузбу?"

"Албетте, өзү жактырган кесиптин ээси болуп, үй-бүлөсүн багып кеткенин каалайм. Негизи өзү спортко аябай жакын. 3-классында мага айтпай футбол ойной баштаган. Бирок биринчи орунга окууну кой деген кеңешимди айтып турам".

15:42. Клара Алибекова репертуарындагы ырларынан аткарып берди.

15:43. "Той-топурларга чакыруулар болот. Көбүнчө той ээлери "Кыргызымдын жигиттери" деген ырымды суранышат".

15:44. Суроо: "Кадырлуу карылыкка барганда өзүңүздү кандай элестетесиз?"

"Ар бир эле адам карыгысы келбесе керек. Ал эми карылык кантип, кандай болуп келерин убакыт көрсөтөт".

15:46. "Жакын санаалаштарым имиджиңди өзгөртүп көрбөйсүңбү деп көп айтышат. Учурда ушул кеңештин үстүндө иштейин деп жатам".

15:47. Ырчы Клара Алибекованын SUPER.KG порталындагы маеги жыйынтыкталды.

Ырчы Клара Алибекова: "Үй-бүлөсү бар адамга турмушка чыккым келбейт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Brilant-zhylan
2018-05-16 15:12:44
Жалпы кыргыз элимди кирип келген ыйык орозо айыныздар менен куттуктайм, Клара эже сизге ишинизге ийгилик уйбулолук бакыт каалайм жана суроом тамаша турундо билебиз азыр башыныз бош айымсыз эгерде сизге озунуздун эле кесиптештеринизден турмушка чыгууну айтып Кайрат кыргыз менен Мерген Турган сунуш кылса кимисин тандамак элениз???
-25
urmat94
2018-05-16 16:35:42
Brilant-zhylan,тазза гангирбаш турбайсынбы жаш балдар дагы мындай суроо бериштен уялса керек
+35
engel
2018-05-16 15:14:05
Кларадан башка жокпу? Откондо эле келди эле го? Же бир ыр жаздырып ырдап жатсачы
-42
Aigerim.95
2018-05-16 15:17:28
Салам Клара. Менин суроом жогорку билиминиз барбы???? Кесибиниз боюнча кимсиз????
+3
BarsBaatyr
2018-05-16 15:49:44
Клараны убагында кээ бироолор жакшы эле пайдаланышты.Ал убакта озу айтмакчы секелек кыз сахнага чыкканына кубанып жургон да.Кийин ишенчээктигинин айынан дагы коп алданып калды окшойт.Кудай ушундай назик жан кылып жаратыптыр.Эмне кылсын?
Бакыт жана ийгилик гана каалайбыз!
+35
bayhan
2018-05-16 16:51:03
Саламатсызбы Клара, биз сиздин ырларыңызды угуп чоңойдук, Кыргызымдын жигиттери ырыңыз өзүнчө дем күч берип турчу жигиттерге, Байыш Момунов эркек болсо жок дегенде алимент төлөп берсе болмок. Өткөндө биздин укук коргоочулар сиздин абройуңузга абдан жаман көлөкө түшүрүштү, ошолор жоопко тартылбай калганы абдан өкүнүчтүү.
+12
meni_kut
2018-05-16 17:29:34
Уулу Баел торолгондон бери квартирада жашашат ,азы Баел бой жетип баратат дагыле квартирада,Байыш уулуна уй алып берип койчу,аталык парз менен.Балада эмне куноо
+20
Djal1987
2018-05-17 02:14:41
meni_kut,байыш уй алып берсе аялы байышты эшикке айдап чыгат болуш керек.
+8
simone
2018-05-17 01:31:16
Мен сыйлайым кызды, ото эле жонокой, назик, жоош кыз
+1
DUNI
2018-05-17 10:02:18
Анжелика Кларага продюссер болчу сенден сураныч. уй жайлуу кылып чыгармачылыгын гулдотуп жиберсен керек . сенин колундан келет
+12
Janna07
2018-05-17 22:00:05
Эл суйот Клараны
+1
honeygirl123
2018-05-18 12:11:29
Логикасы "ноль" экен. Кичине китеп бетин ачып, өзүн дайыма өнүктүрүп жүрүш керек, өзүн элдин адамы деп ойлосо. Жашоо - бул күрөш. Илгери ырдады эле деп өмүр бою башкалар колдоп жүрө бербейт да. Искак Раззаковдун сөзүн билбесе... Троллейбустун кантип жүрөөрүн билбесе...
+1
Yahoo
2018-05-18 16:48:03
Менин оюмча бул кызга психологиялык жардам керек.Анан соз байлыгын кобойтуш керек.Ооздорун коп эле кыйшайтып чоё бербей так так суйлоп, анча мынча тамашакойлукту уйронуш керек.
+1
Aima94
2018-05-20 15:56:23
Эзилип эле былжырап чоектой бергени жакпайт! Несин жакшы көрүшөт билбейм
+1
Aynura87
2018-05-25 07:31:11
Мен бул эжени сыйлайм. Таланты, уну бар кээ бирлерге караганда. Таланты жок болсо унутулмак эбак эле. Клара эже сизге ийгилик, чын ден соолук, узун омур, бакыт каалайм. Баланыз м.н бактылуу болунуз. Кудай сизге алтын эшиктерин ачаарын унутпаныз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан