Индияда курулуп жаткан эстакадалык курулуш кулап 18 адамды басып калды

Индиянын түндүгүндө жайгашкан Уттар-Прадеш штатынын Варанаси шаарында курулуп жаткан эстакадалык курулуш кулап, унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү басып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бийиктиги 20 метр болгон бетон устун көчөгө кулап түшкөн. Кырсык болгон жердеги бетон басып калган адамдарды алып чыгуу үчүн 7 кран тартылган. Жергиликтүү маалымат булактары кырсыктан 18 адам каза тапканын жазышууда.

Ошондой эле маалыматта учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, тиешеси бар адамдар аныкталып жатканы айтылат.

Варанаси - "Кудайлар салган алгачкы шаар" деп айтылып келет. Мындан улам бул шаарга 12 ай бою туристтердин агымы токтобойт. Басылмалардын маалыматында каза болгондордун арасында туристтер да болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Janyjol.86
2018-05-16 20:23:22
ойбоой былчыйып элэ калыптырго
0
juma11anara
2018-05-16 22:11:41
Булар да 600 доллардан кычкач алса керек.
+4
Zainidin96
2018-05-16 23:02:47
Жайы жаннатта болсун
+1
simone
2018-05-17 01:24:08
Аты эле башкача го копуросунун
-1
BubleGum
2018-05-17 08:34:42
simone, копуронун эмес, шаардын аты экен. Буддисттер да_(( Кудай салган болсо жер шарындай кынтыксыз салмак_)) СубханАллах!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан