Өзбекстанга баруу эки эле жыл мурун көпчүлүктүн оюна келмек эмес. Өлкө өзгөлөргө жабык болгондуктан көпчүлүк баруудан чочулап турушчу. Бирок акыркы убакта абал бир топ өзгөрдү. Биз да Бишкек-Ташкент жаңы автобус каттамы менен сапарга чыктык.
1. Ташкент. Таза шаар, жашыл көчөлөр
Бизде “ай, үйүң Ташкент болуп кетиптир” деп калышат эмеспи. Ошол сыяктуу эле биз барган 12-14-май күндөрү эртең менен жамгыр жааганына карабай, түштөн кийин өтө ысык болуп жатты. Шаардын ичинде бийик имараттардын басымдуу бөлүгү ак түстө. Көчөлөрү жашыл, ылдый жагы тегиз акталган бак-дарактар, гүлдөр, арчалар көп отургузулуп, шаарга көрк берип турат. Тазалыкка жакшы көңүл бурулганына байланыштуу борбордук көчөлөрүндө таштанды жокко эсе. Бирок таштандыларды шаардын четинде, базарлардын айланасында кезиктирүү мүмкүн.
2. Транспорт. Мыйзамды сыйлаган калк
Ташкенттин жолдоруна 8 катар автоунаа батат. Чуңкуру жок түз экени байкалды. Шаардын бардык көчөлөрүндө күнү-түнү коопсуздукту камсыз кылган, жашыл түстө кийинген милиция кызматкерлери жүрүшөт. Биз "эркин жүрө алабызбы" деген сурообузга “көчөдө мас болуп, жарым жылаңач жүрбөсөңөр эле эч ким тийишпейт” деген жооп алдык. Чындыгында мас болгондорду жана селсаяктарды кезиктирген жокпуз. Автоунаалар жазылып турган ылдамдыкта айдап, бири-биринен ашып өтпөгөнү кубандырды. Жеңил унаалардын көбүнчөсү ак түстө, атайын фирманын такси кызматындагы унаалары сары түстө. Шаар тургундарын автобустар, метролор, маршруттук таксилер жана жолдо бара жатып ала кеткен таксисттер ташыйт. Маршруттук таксилерге отургучтарга гана батчу жүргүнчү алганы ыңгайлуу, ал эми туруп кеткендерди автобустан кезиктирдик. Күйүүчү май же газ менен жүргөн автоунаалар май куюучу жайга жетерде ичиндеги жүргүнчүлөрдү түшүрүп, айдоочу гана барып куюп, жолдун аркы башына өтүп күтүп турган жүргүнчүлөрүн салып, жолун улаганын жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн деп түшүндүк.
3. Чыгыш жомогуна жетелеген тарыхый Самарканд шаары
Самаркандга баруу үчүн 2 саатта жеткирүүчү ылдам поезд каттамы бар. Баасы 600 сомдун тегерегинде. Кадимки поезд 5 саатта жеткирет жана анын баасы 100 сомго арзан. Акыркы убакта туристтер көп болгондугуна байланыштуу поездге алдын ала билет алуу керектигин айтышты.
Биз такси менен 4 саатта жеттик. Таксист жол акысын 500 сомдун тегерегинде айтканы менен биз 400 сомго сүйлөштүк. Айдоочу менен сүйлөшүп алса, зыярат кылуучу 5-6 жерге барып, базарын да кыдырууга болот. Тарыхый шаар көп жылдар бою урабай сакталган имараттары менен көз жоосун алат. Ал имараттардын ичинде кадимкидей соода-сатык иштери жүрүп турат. Ар бир эшикке кирсең түрдүү сувенир, улуттук буюмдар, кийим-кечелер, кыздар үчүн жасалган шуру, жоолук жана башкаларды табасың. Кадимкидей “Клон” сериалындагы Мароккону аралап жүргөндөй сезилет...
Туңгуч президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө гүл коюп, куран окуганы баргандардын саны дагы деле көп. Алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү туристтер, окуучулар же компаниялар атайын келип зыярат кылып турушат.
Самарканддын тарыхый жайларына жана музейлерине кирүү үчүн чет элдик туристтер үчүн билеттер башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак. Мисалы, жергиликтүү туристтер 1000 сумга (биздин акча менен 10 сомдун тегерегинде), чет элден келгендер 12000, 17000 сумдан (120,170 сом) сатып алышат.
Музейлердин биринде биздин заманга чейинки кылымдагы буюмдар сакталган.
4. Туристтерди кызыктырган базары
Кургатылган жер жемиш... Аны жакшы көргөн адам болсоңуз, анда сөзсүз базарларына баш багыңыз. Бааларын кымбат айтышса, жакшылап сүйлөшсөңүз, түшүрүп беришет. Баалар жалпы жонунан Бишкектеги баадан арзан. Көпчүлүк сатуучулар жолдон тосуп алып, товарларын сунуштап башташат. Күлүп тосуп, сиз деп бал тилге салып, көп нерсени бат эле сатып алганыңызды байкабай калышыңыз мүмкүн.
5. Ашканасы
Тамак-аш арзан, таттууларды ар түрдүү кошулмалар менен жасашат. Шаардын кайсы жерине барба самса же дагы башка даамдуу тамактын жыты азгырат. Жолдордо нандарды көтөрүп алып, токтоп турган машинага сунуштагандар көп. Нандарынын көлөмү кичине болгону менен салмактуу жана даамдуу. Самаркандда жекшемби күнү түшкү тамактанууга айтылуу палоосун көп убара болуп издеп таптык. 4 кишилик деп алган палоо, 2 порциялык шакарап, чай жана нан үчүн 600 сомго жакын төлөдүк.