Ырчы Чолпон Талипбек ди-джей болуп иштеп баштады

"Нон-Стоп" дуэтинин экс-ырчысы Чолпон Талипбек ди-джей болуп иштей баштады. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"Радиодо иштөө мага жаңылык эмес. Буга чейин "Европа+" радиосунда 1 жыл ди-джей болуп иштегем. Ал эми "Тумар" радиосуна чакыруу болгондо макул болдум. Себеби бул кесип мага чоочун эмес. Учурда Азамат Эркинбаев менен бирге "Таңкы шоу" программасын алып баруудамын", - дейт ал.

Белгилей кетсек, мындан 8 жыл мурда кыргыз эстрадасында "Нон-Стоп" аталышындагы дуэт түзүлгөн. Аталган топтон тапталып чыккан Чолпон Талипбек 2018-жылдан тарта жеке ырчы катары "Көйрөң жигит", "Ищу тебя" деген чыгармаларын жаздырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Isa2014
2018-05-17 09:45:17
Лучше эрге тийип эле кетсен жакшы болмок
+20
Karakash
2018-05-17 10:47:18
Isa2014,эмне эр качып кетет беле, буйруган куну тийет да.
+3
Muratmipa
2018-05-17 13:27:27
Karakash,качпай эле бирок жаш токтоп турбайт кетет сени кутпойт
+4
asha302
2018-05-18 16:30:37
Muratmipa,бул атактууларга табыла берет эр деген экообуздой карапайым эмес
0
monster_high_98
2018-05-17 09:47:27
Нон стопто Максат экоон бири биринди толуктачу эленер,бирок жалгыз озундун колундан эчнерсе келген жок, балким топко башка дагы бироону таап кайра эле дуэт ырдасанар соонун болмок
+1
ayana16
2018-05-17 12:57:38
Бул кыз эмне бир жакасын тушурум ийинин корсотмойунчо суротко тушо албайт окшоцт.Баардык суроту эле ийини ачыкко.кыргызбы деги бул кыз?
0
Aitun
2018-05-17 14:15:23
Ийнин ачып тушконду укмуш корот окшойт. Ди-джей же актриса болсон болот. Ырдабай эле кой
-2
Djal1987
2018-05-17 15:12:26
Aitun,макул ырдабай эле коет!
+6
Husan
2018-05-17 17:36:47
Лейла Рахимова декрете Кетти ошону учун Чолпон иштеп баштады
0
Arlenchik
2018-05-17 22:23:16
Куйоого тийеби, тийбейби ишинер эмне! аркимдин мандайына аркандай жазылган, бири эрте турмуш курса, бири кеч турмушка чыгат, андыктан бироонун турмуша кийлигишкенинерди токтоткула.
+1
sakuna
2018-05-18 04:32:35
Уну бар, таланттуу❤️❤️ Ийгилик каалайм. Эми омурлук шеригин таап, тынып кетсин ылайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан