"Бозумчак" кенин иштетүүчүлөр 2013-жылы элге 300 миң долларлык жардам көрсөтүүнү пландап жатат

Жалал-Абад облусундагы жез-алтын кенин иштетүүчү "Бозумчак" фабрикасы ушул жылы жергиликтүү элге 300 миң доллардын тегерегинде жардам берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган кенди иштетүүчү "Казахмыс голд Кыргызстан" ишканасынын башкы директору Ильяс Тулекеев айтты. "Бул жылы социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн 300 миң доллар коротууну пландап жатабыз. Чалгындоо иштери башталган 2007-жылдан бери компания социалдык маселелерди чечүүгө 1,5 миллион доллар жумшаган",- дейт ал. Ал кошумчалагандай, компания 3 айылдык округ менен кызматташуу тууралуу меморандум түзгөн. Келишимге кол койгон айылдар Көк-Серек, Көк-Таш жана Сумсар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан