Бүгүн айтылуу казак ырчысы Батырхан Шукенов көзү тирүү болгондо 56 жашка толмок.
Ал 1962-жылы 18-майда Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында экономисттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 4 бир туугандын экинчиси. Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчу. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга келе берген.
1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен Казакстанда "Арай" тобун түзүшкөн. Кийин топ аталышын "Алма-Ата А`Cтудио", "А`Cтудио" деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү "Рождестводогу жолугушуулар" ("Рождественские встречи") концерт-фестивалына катышууга чакырат. Ошондон тартып "А`Cтудио" тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Батырхан Шукенов аткарчу. "Нелюбимая", "Жулия", "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни" сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт.
2000-жылы Батырхан "мекениме кызмат кылуум керек" деп Алматыга кайтып, жеке ырчыга айланган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.
"А’Студио" тобунда жүргөндө "Жулия" деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң "Сенин кадамың" ("Твои шаги") деген ыры менен популярдуу болгон.
Батырхан Шукенов 46 жашында Айгерим аттуу айым менен баш кошкон. Бирок түгөйлөр балалуу болушкан эмес деген кептер бар.
Ошондой эле ырчы Екатерина Шелякова менен жарандык никеде 20 жыл жашап, Максут аттуу уулу бар.